Лом, чемодон, ич кийим... КРге миллиондорду алып келген 10 товардын тизмеси

Жазылуу
Бир жыл ичинде Кыргызстанда жасалган тушкагаздарды ЕАЭБге экспорттоонун көлөмү сегиз эсеге өстү.

Кыргызстандын товарлары ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө кандай сатылгандыгын Евразия экономикалык комиссиясынын адистери эсептеп чыкты.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы документтерди иликтеп, Армения, Белоруссия, Казакстан жана Россияда популярдуу болуп жаткан атамекендик 10 товарды алып чыкты.

Санкт-Петербургская бумажная фабрика АО Гознак - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан пахта экспорттогон өлкөлөрдүн тизмеси
Маалыматка караганда, эң көп сатылган товар тушкагаз болгон. Анын экспорттук көлөмү сегиз эсеге өскөн.

"Күмүш" медалга тоңдурулган балык ээ болду. Ал 1 миллион доллардан көбүрөөк акчага сатылган. Негизги кардар — Россия.

Андан кийинки орунду аялдардын ич-кийими ээледи. Былтыр 2,4 миллион даана кийим сатылды.

Чемодан жана сумкалардын экспорттук көлөмү төрт эсеге, резина бут кийимдердики үч эсеге өстү.

Кирешелүү тармактардын бири — баалуу металл кендери. Анын аркасы менен Кыргызстан 98 миллион доллар тапты. Мунун артынан калбай жеңил өнөр жай тармагы бара жатат. Тигүүчүлөр 95 миллион доллар алып келди.

Жез ломдорду сатуудан түшкөн киреше 40 миллион долларга жетсе, автоунаа тетиктери 19 миллион долларга сатылды. Ал эми пахта буласы 18 миллион долларлык пайда келтирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0