Кыргызстанга ташылган автоунаалар арбыды. 2018-жылы импорт 3 эсе өскөн

Жазылуу
Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча Кыргызстанга импорттолгон машиналардын көлөмү артты. Ага ылайык, өлкөгө алынып келген автолордун саны былтыркыга салыштырмалуу үч эсе көбөйгөн.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 25-июлунан тарта кыймылдаткычы бензин жана дизель менен иштеген автоунааларды Кыргызстанга алып келүү 2014-жылдын деңгээлине түшүрүлгөн. Андан сырткары, гибрид автоунааларды алып келүүгө жеңилдик (кыймылдаткычынын кубосантиметри үчүн 0,5-0,6 доллар) каралган. Ал эми электромобилди алып келсе, эч кандай бажы алымы төлөнбөйт. Бул эреже 2019-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0