Кыргызстанда жогорку билимдүү аялдар көп ажырашат. Статистика

Жазылуу
Кыргызстанда жогорку билими тууралуу диплому бар ар бир төртүнчү аял ажырашып кетет экен. Ал эми мектепти дагы жөндөп бүтө албай калган аялдардын никеси бекемирээк болору айтылды.

Кыргызстанда никесин жокко чыгарууну суранып арыз жазгандардын көпчүлүгү жогорку билимдүү аялдар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.

Мектепти дагы бүтпөгөн аялдардын 17синин бири гана ажырашууга барат. Бул бузулган никелер боюнча эң төмөнкү көрсөткүч.

Анткен менен бул сандар жогорку билимдүү аялдар үй-бүлөдө анча бактылуу эмес дегенди түшүндүрбөй турганын Акыйкатчы аппаратынын үйдөгү зордук-зомбулук жана гендердик теңсиздик бөлүмүнүн башчысы Махабат Турдумаматова билдирди.

"Мыкты билими бар аялдар күйөөсүнөн азыраак көз каранды болот, өзгөчө финансы жагынан. Демек өз алдынча жашап кете аларына ишенет. Ошондуктан үй-бүлөдөгү зомбулукка чыдап жүрө бербейт. Ал эми билим деңгээли төмөнүрөөк аялдардын өзүнө ишеними анчалык бекем эмес", — деди ал.

Ошондой эле Турдумаматованын пикиринде, жогорку билимдүү аялдар мыйзамды жакшы түшүнөт.

"Алар никени эмне себептен каттаттуу жана жокко чыгаруу керектигин, бул нерсе аларга кандай укук берерин жакшы билишет. Ошондуктан мыйзам чегинде, расмий ажырашууну туура көрүшөт", — деп кошумчалады бөлүм башчы.

Кыргызстанда сиз курактуу канча киши бар? - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда сиз курактуу канча киши жашайт? Сандар сүйлөйт
Кызыгы, эркектердин ажырашуусу эч бир дипломдон көз каранды эмес. Бир эмес, бир нече билими барлар менен мектептен башканы көрбөгөн эркектердин арасында үй-бүлөсүнөн баш тарткандардын саны бирдей — алтыдан бир.

Баса, жогорку билим демекчи, Кыргызстанда кыз-келиндер көбүнчө кайсы кесипти аркалагысы келерин Улуттук статистика комитети аныктап чыккан.

Ага ылайык, кыздар кеңири колдонулган товарлардын технологиясы, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагында иштөөгө умтулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0