Баарыбызга бир доктур. Кыргызстанда 100 киши жашаса турмуш кандай болмок

Жазылуу
Sputnik өлкөдө 100 гана киши жашаса турмуш кандай болмоктугун билип көрдү. Биз бул жүз адам эмне менен алектенерин иликтеп көрдүк.

100 кыргызстандыктын 39у гана жумушка бармак. Анын 23ү — эркек, 16сы аял болмок экен.

8 киши пенсия алмак, дагы ушунча адам университеттен билим алмакчы. Коомдо 7 үй кожейкеси болсо, 15 жашка чейинки 34 бала жашамак. 

12 адам дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен алектенсе, 6 адам соода тармагында эмгектенмек. Мындан тышкары, 100 адамга үч мугалим, бир дарыгер туура келмек.

Жаңылыктар түрмөгү
0