1-декабрда СПИДге каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү белгиленип келет. Калктын репродуктивдүү саламаттыгын сактоо боюнча улуттук стратегияны ишке ашыруунун анализине ылайык, Кыргызстан ВИЧ/СПИД менен жабыркагандардын саны боюнча алдыңкы жети өлкөнүн катарына кирет.
"СПИД" республикалык борборунун маалыматы боюнча Кыргызстанда ВИЧ-СПИД менен жабыркаган бейтаптардын саны былтыркыга караганда 9,9 пайызга өскөн. Мындай илдетке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Чүй облусу менен Бишкек шаарында жашайт.