УКМК: Чолпон-Атадагы РЭС жетекчисинин үйүнөн майнинг-ферма табылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМайнинг-фермасы. Архив
Майнинг-фермасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021
Жазылуу
45 жаштагы адис узак убакыт бою Чолпон-Ата РЭСинде ар кандай кызматтарда иштеп, 2021-жылдын 8-декабрынан тарта аталган уюмдун башчысы болуп дайындалган.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын (РЭС) башчысы криптовалюта өндүрүү үчүн майнинг-ферма уюштурганын аныктады. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен иштөө бөлүмү билдирди.
РЭСтин 45 жаштагы И.А.Ж. аттуу жетекчиси майнинг-ферманы өзү жашаган жеринде уюштурганы УКМК жана Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш-чараларынын негизинде аныкталган.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын (РЭС) башчысы криптовалюта өндүрүү үчүн майнинг-ферма уюштурганын аныктады
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын (РЭС) башчысы криптовалюта өндүрүү үчүн майнинг-ферма уюштурганын аныктады - Sputnik Кыргызстан
1/2
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын (РЭС) башчысы криптовалюта өндүрүү үчүн майнинг-ферма уюштурганын аныктады
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРРЭСтин 45 жаштагы И.А.Ж. аттуу жетекчиси майнинг-ферманы өзү жашаган жеринде уюштурганы УКМК жана Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш-чараларынын негизинде аныкталган
РЭСтин 45 жаштагы И.А.Ж. аттуу жетекчиси майнинг-ферманы өзү жашаган жеринде уюштурганы УКМК жана Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш-чараларынын негизинде аныкталган - Sputnik Кыргызстан
2/2
РЭСтин 45 жаштагы И.А.Ж. аттуу жетекчиси майнинг-ферманы өзү жашаган жеринде уюштурганы УКМК жана Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш-чараларынын негизинде аныкталган
1/2
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чолпон-Ата райондук электр тармактарынын (РЭС) башчысы криптовалюта өндүрүү үчүн майнинг-ферма уюштурганын аныктады
2/2
РЭСтин 45 жаштагы И.А.Ж. аттуу жетекчиси майнинг-ферманы өзү жашаган жеринде уюштурганы УКМК жана Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлеринин биргелешкен ыкчам иш-чараларынын негизинде аныкталган
"Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында И.А.Ж. жашаган Чолпон-Ата шаарындагы үйдөн майнинг-ферма электр энергиясына эсептегичтен тышкары туташтырылган. Мындан улам ири көлөмдөгү электр энергиясын уурдоо фактысы аныкталды", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсундө.
Мамлекеттик салык кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
УКМК салыкчылар менен Транспорт министрлигинин кызматкерлерин кармады
Белгилей кетсек, И.А.Ж. узак убакыт бою Чолпон-Ата РЭСинде ар кандай кызматтарда иштеп, 2021-жылдын 8-декабрынан тарта аталган уюмдун башчысы болуп дайындалган. Ал суунун аздыгынан улам республикада энергетикалык каатчылык болуп жатканына карабастан кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, электр энергиясын уурдоого шектелүүдө. Муну менен ал өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна зыян келтиргени айтылат.
Учурда бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары тергелип, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0