Бишкектин чок ортосунда тез татым өрттөндү. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМ Кызматкерлери. Архив
ӨКМ Кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Өрт өчүрүүчүлөр күйгөн тез татымды бир сааттын ичинде толугу менен өчүргөн. Азырынча өрттүн эмнеден келип чыкканы такталууда.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда тез татым өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Манас проспектиси менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги өрт тууралуу маалымат ӨКМге кечки саат 22:30дар чамасында түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр саат 22:40та жерине барып, 14 мүнөттөн кийин аны чектөөгө алышкан. Ал эми саат 23:17де өрт толугу менен өчүрүлгөн.
Маалым болгондой, ашканада столдор, жыгач эшик жана видеокамера күйгөн. Өрттүн келип чыккан себеби такталып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0