Бишкекте жүк ташуучу унаадан 10 кг метамфетамин табылды. Сүрөт, видео

© Фото / пресс-служба МВДБишкекте Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жүк ташуучу унаадан 10 килограмм метамфетамин табышты
Бишкекте Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жүк ташуучу унаадан 10 килограмм метамфетамин табышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Жазылуу
Метамфетаминдин бир граммынын баасы көмүскө базарда 4 500 сом экени, ал өлчөмдөн 15 доза даярдоого болору айтылат. Кармалган киши Өзбекстандын жараны болуп чыккан.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкекте Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жүк ташуучу унаадан 10 килограмм метамфетамин табышты. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
Ага ылайык, БТС бажы терминалынын аймагында Иран — Түркмөнстан — Өзбекстан — Казакстан — Кыргызстан каттамы боюнча жүргөн DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны тинткен. Анда тыюу салынган заттардын сырты алмага окшотуп жасалганы айтылат.
"Министрликтин Криминалистикалык кызматынын алгачкы изилдөөсүндө ал зат метамфетамин (первитин) экени аныкталган. Көмүскө базарда 1 граммынын баасы 4 500 сом, ал өлчөмдөн 15 доза даярдоого болот. Алынган заттын салмагы 10 килограмм, дозасы 150 миң экени аныкталган. Баасы 450 миллион сомду (531 286 доллар) түзөт", — деп жазылган маалыматта.
Кармалган айдоочу Өзбекстандын жараны болуп чыкты. Аталган факт Жазык кодексинин 267-беренеси ("Баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") менен каттоого алынган.
© Фото / пресс-служба МВДКармалган айдоочу Өзбекстандын жараны болуп чыкты
Изъятие около 10 килограммов метамфетамина в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кармалган айдоочу Өзбекстандын жараны болуп чыкты
Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, унаа Ирандан чыгып, Түркмөнстандан дагы бир чиркегич кошулган. Андан кийин Өзбекстанга жеткирилип, кайра чиркегич кошуп Кыргызстанга бет алган.
Тергөө уланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0