09:17 28 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (193)
1695 0 0

Маалыматка караганда, Өрт өчүрүү кызматына маалымат бүгүн саат 20:06да түшүп, жерине бир бөлүм тартылган. Өрт саат 20:18де чектөөгө алынып, саат 20:34тө толук өчүрүлгөн.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Бишкектин Профсоюзная жана Бородина көчөлөрүнүн кесилишинде чакан бус менен жолтандабас кагышып, экинчи автоунаа өрттөнгөнүн окуянын күбөлөрү кабарлады.

Күбө жеринде өрттөн жабыркагандар дагы болгонун жазган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен аталган аймакта чындап эле автоунаадан өрт чыкканын тастыктады.

Маалыматка караганда, Өрт өчүрүү кызматына маалымат бүгүн саат 20:06да түшүп, жерине бир бөлүм тартылган. Өрт саат 20:18де чектөөгө алынып, саат 20:34тө толук өчүрүлгөн.

Ал эми Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан жеринде бир киши жабыркап, Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборуна жеткирилгенин билдирди. Жабырлануучунун абалы боюнча кийинчерээк маалымат берилери айтылды.

Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (193)

Тема боюнча

Ошто жеңил автоунаа ИИМдин автобусун сүзүп, үч киши каза тапты
Бишкек — Ош жолундагы үрөй учурган кырсыкта 2 киши көз жумду. Сүрөттөр
КамАЗ капталынан сүзгөн. Кара-Балтадагы кырсыктан бир киши көз жумду. Сүрөт
Белгилер:
Бишкек, өрт, автоунаа, жабырлануучу, ӨКМ

ЭҢ МААНИЛҮҮ