Өткөн суткада коронавирустан 4 адам көз жумду. Соңку статистика

© REUTERS / Maxim Shemetov/File PhotoСитуация в России из-за пандемии коронавируса
Ситуация в России из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2021
Жазылуу
Ооругандардын саны ордо калаада азая элек. Алсак, өткөн суткада Бишкекте 102 адамдан коронавирус аныкталган.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирус 229 адамдан табылып, 444 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 102;
  • Ош шаары – 7;
  • Чүй облусу – 46;
  • Ош облусу – 8;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 12;
  • Ысык-Көл облусу – 27;
  • Жалал-Абад облусу – 14;
  • Баткен облусу – 10.

Жалпысынан өлкөдө илдет илештиргендердин саны 174 576га жетип, анын 167 590у айыкты.

Бир сутка ичинде төрт адам каза болуп, өлүм учурларынын жалпы саны 2 498 болду.

Азыркы тапта ооруканаларда 1 260, ал эми амбулатордук шартта 1 794 адам дарыланып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0