УКМК: Шамалды-Сайда аскер кызматкери өзүн-өзү төшкө аткан

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУчения с Новосибирской ракетной дивизией РВСН
Учения с Новосибирской ракетной дивизией РВСН - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, М.Ж. армиядан кетүү максатында ушундай кадамга барган. Ал кызмат өтөгүсү келбегендиктен психологдун көзөмөлүндө турган.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Шамалды-Сай шаарында № 2027 аскер бөлүгүнүн ыкчам кызматынын М.Ж. аттуу жоокери нөөмөттө турган кезде өзүн-өзү төшкө аткан. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Учурда ал Ноокен райондук ооруканасында дарыланып жатат.

"Ок сол тарабына тийген. Аскердин абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Жанында энеси карап жатат", — деп айтылат маалыматта.

Учурда окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат. 2021-жылы армияга чакырылган М.Ж. кызмат өтөгүсү келбегендиктен аскер бөлүктөгү психологдун тыкыр көзөмөлүндө болуп келген. Алдын ала маалымат боюнча, М.Ж. армиядан кетүү максатында ушундай кадамга барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0