Баткенде чек аранын жанынан оорукана тарапты көздөй ок атылды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРБаткен облусунда белгисиз адам ок чыгарып ал Лейлек районундагы Интернационал айылындагы оорукананын терезесине тийген
Баткен облусунда белгисиз адам ок чыгарып ал Лейлек районундагы Интернационал айылындагы оорукананын терезесине тийген - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Окуядан эч ким жабыркаган эмес. Окту ким атканы аныктала элек. Кыргызстан менен Тажикстан иликтөө жүргүзүүнү макулдашты.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Баткен облусунда белгисиз адам ок чыгарып, ал Лейлек районундагы Интернационал айылындагы оорукананын терезесине тийген. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРБаткен облусунда белгисиз адам ок чыгарып ал Лейлек районундагы Интернационал айылындагы оорукананын терезесине тийген
Баткенде чек аранын жанынан оорукана тарапты көздөй ок атылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Баткен облусунда белгисиз адам ок чыгарып ал Лейлек районундагы Интернационал айылындагы оорукананын терезесине тийген

Маалыматка караганда, бүгүн саат 15:10дор чамасында Тажикстан тараптан бир ирет ок атылган. Жеринен АК-74 автоматынын 5.45 мм калибрлүү огу табылган. Эч ким жабыркаган эмес.

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРБүгүн саат 15:10дор чамасында Тажикстан тараптан бир ирет ок атылган. Жеринен АК-74 автоматынын 5.45 мм калибрлүү огу табылган.
Баткенде чек аранын жанынан оорукана тарапты көздөй ок атылды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Бүгүн саат 15:10дор чамасында Тажикстан тараптан бир ирет ок атылган. Жеринен АК-74 автоматынын 5.45 мм калибрлүү огу табылган.

Окуядан кийин Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүп, тажик тарап Интернационал айылына жакын жерде кызмат өтөгөн чек арачыларынын куралын текшерерин убадалаган.

"Саат 17:00дө тараптардын чек ара өкүлдөрү жолукту. Анда тажик тарап куралдарды текшерүүдө чек арачылар ок чыгарбаганы аныкталганын билдирди. Ошол эле учурда Тажикстандын чек ара өкүлү ок кокустан атылып кетиши мүмкүн экенин билдирди. Жолугушууга келгендер ар кимиси өз тарабында териштирүү жүргүзүүнү макулдашты", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0