03:10 22 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5043
  • RUB1.1584
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
122 0 0

Үчөө тең суу сактагычтан чыга албай калган. Алардын сөөгүн куткаруучулар менен жергиликтүү тургундар алып чыгышкан.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Чүйдүн Аламүдүн районунда сууга чөгүп кеткен 14 жана 15 жаштагы кыздар менен 10 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Кыздар кечээ кечке жуук Аламүдүн районунун Гроздь айылындагы №3 суу сактагычка чөгүп кеткен. Бирөөнүн сөөгүн куткаруучулар барганга чейин эс алып жүргөн адамдар суудан чыгарышкан. Экинчи кызды ӨКМ кызматкерлери таап, милицияга өткөрүп беришкен.

Ошол эле күнү аталган райондун Аламүдүн айылындагы Кыргызстан жаңы конушунда жайгашкан суу сактагычка М.И.С аттуу бала түшүп кеткен. Анын сөөгүн суудан жергиликтүү жашоочулар алып чыккан.

Тема боюнча

Бишкектин четинде жоголгон 5 жаштагы баланын сууга чөгүп кеткени белгилүү болду
Чүйдө 21, Көлдө 15 жаштагы сууга чөккөн балдардын сөөгү табылды
Белгилер:
Чүй облусу, Аламүдүн району, ӨКМ, куткаруу, сууга чөгүү, кыз, бала

ЭҢ МААНИЛҮҮ