Эч нерсеси калбаптыр. Бишкекте унаа бакты сүзүп, бир аял жабыркады

© Фото / Pixabay / Andy KreycheЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Чүй проспекти менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу рулду башкара албай калып жолдон чыгып кеткен.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкекте Toyota Aristo үлгүсүндөгү автоунаа кырсыктап, бир адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй проспекти менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу рулду башкара албай калып жолдон чыгып кеткен. Натыйжда бакты сүзүп, кырсыктын кесепетинен 27 жаштагы аял жабыркаган.
© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкекте Toyota Aristo үлгүсүндөгү автоунаа кырсыктап, бир адам жаракат алды
Автомобиль врезался в дерево в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Бишкекте Toyota Aristo үлгүсүндөгү автоунаа кырсыктап, бир адам жаракат алды
Жерине беш куткаруучу барып, унаадагыларды чыгарган. Жабыркагандарды Тез жардам кызматы алып кетти.
Жаңылыктар түрмөгү
0