Сөөк ашуусундагы жол кырсыкта бир чек арачы каза болду

© Sputnik / Эмиль СадыровЧек арачы. Архив
Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Жазылуу
Окуя кечээ, 23-июнь күнү, Ысык-Көл облусунда болгон. Айдоочу Сөөк ашуусунда бара жатканда рулду башкара албай, автоунаа оодарылып кеткен.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматынын аскери кызматтык милдетин аткарып жүрүп жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Кырсык кечээ, 23-июнь күнү, Ысык-Көл облусунда болгон.
"Коюлган тапшырманы аткаруу үчүн үч аскер жүк ташуучу автоунаа менен жүк алып бара жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, айдоочу Сөөк ашуусунда рулду башкара албай, автоунаа оодарылып кеткен. Кесепетинде айдоочу ооруканага жетпей жолдо каза болуп, эки аскер ар кандай жаракат алды", — деп айтылат билдирүүдө.
Жол кырсыгы боюнча тергөө иштери башталып, окуя кандай жагдайда болгону такталып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0