17:56 22 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5001
  • RUB1.1635
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (159)
297 0 0

Жол кырсыгынан бир үй-бүлөдөн энеси менен эки кызы көз жумган. Ал эми алты жаштагы уулу аймактык ооруканага жеткирилгени айтылды.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 12-июнда Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында жол кырсыгы катталып, үч адам каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы 12-июнь күнү саат 11:30дар чамасында Бишкек — Ананьево — Каракол унаа жолунун 46-чакырымында болгон.

"Балыкчы шаарынын 34 жаштагы тургуну Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаасын жолдун жээгине токтотуп, өзү автоунаадан түшүп кеткен. Автоунаанын ичинде жубайы, эки кызы жана уулу болгон. Бул учурда Тоң районунун 36 жаштагы тургуну Mercedes үлгүсүндөгү автоунаа менен келе жатып, рулду башкара албай Passat үлгүсүндөгү автоунаанын артынан сүзгөн. Натыйжада токтоп турган автоунаанын ичиндеги айдоочунун 33 жаштагы келинчеги, 4 жана 1 жаштагы кыздары мүрт кеткен. Ал эми 6 жаштагы уулу аймактык ооруканага жеткирилген", — деди Исаев.

Ал Mercedes үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу менен жанындагы жүргүнчү да аймактык ооруканага жеткирилгенин кошумчалады. Аталган факт Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Буга чейин соцтармак колдонуучулары аталган жол кырсыгынын видеосун жарыялап, Mercedes үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мас абалында болгонун жазышкан. ЖКККББ учурда бул маалымат такталып жатканын айтты.

Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (159)

Тема боюнча

Дем алышта 15 киши мерт болду. Жапаров ИИМге жол кырсыгын алдын алууну тапшырды
Ноокаттагы жол кырсык. Кечээ каза болгондордон башка дагы үч бала көз жумду
Белгилер:
Ысык-Көл, Сары-Камыш айылы, жол кырсык, үй-бүлө, өлүм, айдоочу

ЭҢ МААНИЛҮҮ