Жети-Өгүздө жол кырсыгынан үч киши көз жумду. Үрөй учурган каргашанын сүрөтү

© AFP / JOE RAEDLEЖол кырсыкка түшкөн автоунаа. Иллюстративдик сүрөт
Жол кырсыкка түшкөн автоунаа. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
Даркан айылында таңга жуук Ауди С4 менен BMW 525 автоунаалары сүзүшкөн. Экинчи автөкөлүктүн каза тапкан айдоочусу 21 жашта болчу.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда жеңил унаалар сүзүшүп, үч киши көз жумганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Жол кырсыгы бүгүн, 8-июнь күнү, таңда саат 4:30 чамасында Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 178-чакырымындагы Даркан айылы жакта болгон.
Жайылда болгон жол кырсык - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жайылда жолтандабас менен жеңил унаа кагышып, бир адам мерт болду. Сүрөт
Анда Ауди С4 менен BMW 525 автоунаалары сүзүшкөн. Мунун кесепетинен биринчи унаадагы эки киши көз жумуп, бирөө жабыркаган. Экинчи автөкөлүктүн 21 жаштагы айдоочусу каза тапкан. Калгандарынын аты-жөнү, жашы такталууда.
Окуя болгон жерге төрт куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен. Жабыркаган киши Тез жардам кызматы менен райондук ооруканага жеткирилгени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0