Кара-Балтада үйүн өрттөп, башка адамдын өлүмүнө себепчи болгон жаран камалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовОт жандырып жаткан адам. Архив
От жандырып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2021
Жазылуу
Өрттөнгөн батирдин ээси башында кырсыкка тиешеси жоктугун айткан, кийинчерээк үй-бүлөлүк жаңжалдан улам батирин өрттөгөнүн мойнуна алган.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кара-Балтада үй-бүлөлүк жаңжалдан улам батирин өрттөп, кошуна батирдеги жарандын өлүмүнө себепчи болгон адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 15-май күнү кечинде шаардагы батирлердин биринде өрт чыккандыгы тууралуу милицияга билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге милиция, өрт өчүрүү кызматкерлери жана Тез жардам кызматы барган.
"Өрттүн кесепетинен батир толугу менен күйүп, өрттүн түтүнү жогорудагы батирлерге көтөрүлгөн. Анын кесепетинен башка батирдин ээси 57 жаштагы Р.Г. түтүнгө ууланып оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген. Анын коногу 40 жаштагы П.Н. түтүнгө ууланып ошол жерде каза болгон", — деп айтылат маалыматта.
Өрттөнгөн батирде 53 жаштагы С.Т. жана 54 жаштагы С.А. аттуу жубайлар жашап келишкен. Бирок кырсык учурунда үй ээлери үйдө жок болушкан.
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.05.2021
Токмокто эки кишини сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды
"Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде өрттөнгөн батирдин ээси кармалган. Башында үй ээси өрткө тиешеси жоктугун айткан, кийинчерээк батирин үй-бүлөлүк жаңжалдан улам өрттөгөнүн мойнуна алган", — деп билдиришти облустук милициядан.
Бул факт Жазык кодексинин 261 ("Коопсуздук эрежелерин бузуу") жана 135-беренеси ("Шалаакылык менен өлүмгө алып келиши") менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0