Бишкекте кафе толугу менен күйүп кетти. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкектин Фрунзе көчөсүндө жайгашкан "Бутчер" кафеси толугу менен өрттөнүп кетти
Бишкектин Фрунзе көчөсүндө жайгашкан Бутчер кафеси толугу менен өрттөнүп кетти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.03.2021
Жазылуу
Кафенин 150 чарчы метрлик чатыры, ички жасалгасы, буюмдар жана беш муздаткыч күйүп кеткени кабарланды.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкектин Фрунзе көчөсүндө жайгашкан "Бутчер" кафеси толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт 9-март күнү таңкы саат 04:00дө чыккан.
"Кафенин 150 чарчы метрлик чатыры, ички жасалгасы, буюмдар жана беш муздаткыч күйүп кеткен", — дешти ӨКМден.
Кырсыктан жабыркагандар жөнүндө маалымат айтыла элек. Өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0