16:09 02 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7835
  • EUR102.2065
  • RUB1.1450
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
149 0 0

25 жаштагы келин жарандык никедеги күйөөсү менен уруша кеткенде телефонуна видео келген. Анда келиндин биринчи никедеги беш жашар баласын жолдошу уруп жатканы тартылган.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Чүйдүн Ысык-Ата районунда өгөй баласын сабаган киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 23-февралда, райондук ички иштер органдарына 25 жаштагы келин жарандык никедеги күйөөсү кечээ кечинде беш жаштагы баласын ур-токмокко алганын айтып кайрылган.

Аялдын айтымында, 22-февралда жарандык никедеги күйөөсү менен уруша кеткенде телефонуна видео келген. Анда келиндин биринчи никедеги беш жашар баласын уруп жатканы көрсөтүлгөн.

Аталган факты Жоруктар кодексиндеги "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен каттоого алынган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 33 жаштагы киши кармалып, Ысык-Ата РИИБдин убактылуу тергөө абагына киргизилген. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Жашы жете элек бала Тез жардам кызматынан жардам алгандан кийин энесине амбулатордук дарылануу үчүн берилген.

Арыз жазган аял менен шектүү беш жылдан бери чогуу жашап, Лебединовка айылындагы унаа жуучу жайда иштери аныкталган. Сабалган баладан тышкары экөөнүн төрт жаштагы баласы бар экени белгилүү болгон.

Тема боюнча

Чүйдө үч адам милиция кызматкерин сабаган деп кармалды
Сөөгүн сууга агызып жиберишкен. Ошто милиционердин өлүмүнө шектүүлөр кармалды
Белгилер:
кармоо, сабоо, ур-токмокко алуу, бала, өгөй ата, милиция, Ысык-Ата району, Чүй облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ