Аткезчилик товарлардын баасы 53 миллион сомду түзөт. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы контрабандалык жол менен алтын, зер буюмдарды алып келе жаткан 40 жаштагы жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу атайын кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.
Кечээ, 9-февралда, шектүү "Манас" эл аралык аэропортуна аба каттамы аркылуу чет өлкөдөн келип, бажы текшерүүсүнө кирбей өтүүгө аракет кылган.
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы контрабандалык жол менен алтын, зер буюмдарды алып келе жаткан 40 жаштагы жаранды колго түшүрдү
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы контрабандалык жол менен алтын, зер буюмдарды алып келе жаткан 40 жаштагы жаранды колго түшүрдү
"Чет өлкөдөн келип, бажылык каттоодон буйтап өтүүгө аракет кылган учурда УКМК кызматкерлери кармаган. Жүктөрдү текшерүү учурунда жалпы салмагы 17 килограммдан ашык, баасы 53 миллион сомду түзгөн алтын буюмдар табылды", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт тышкы экономикалык чөйрөдөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында ачыкталган.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.
19-апрель күнү саат 02:45те милицияга билдирүү түшкөн. Анда Үч-Терек көчөсүнөн 20 жаштагы кызды белгисиз эркек күч менен Honda Accord автоунаасына салып, Кара-Балта тарапка алып кеткени айтылган.
Мэрия спорттогу талыкпас эмгеги жана жетишкендиктери үчүн бир катар спортчуларга 100 миң сомдук, ал эми машыктыруучуларга 50 миң сомдук сертификаттарды ыйгарды.