Президенттин маалымат кызматынын башчысы пара талап кылды деп кармалды. Сүрөт
10:26 30.01.2021 (Жаңыртылды: 14:03 16.12.2021)
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов. Архив
Жазылуу
Нургазы Анаркулов 2020-жылдын 30-октябрында президенттин маалымат кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Ири өлчөмдө пара талап кылган деп шектелип президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРИри өлчөмдө пара талап кылган деп шектелип президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди
Ири өлчөмдө пара талап кылган деп шектелип президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Аталган факт боюнча Кылмыш кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Анаркулов бүгүн, 30-январь күнү, колго түшүрүлүп, УКМКнын Тергөө башкармалыгына алып келинди.