13:37 20 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7933
  • EUR101.9682
  • RUB1.1121
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
0 0

Иликтөөдө белгилүү болгондой, абактагы каражат электрондук капчыктарга салынып, кийин ар кандай кылмыш иштерин кылууга жумшалып турган.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Күч органдары жаза өтөө жайларында отургандардын кылмыштуу жол менен толтурган орток казынасынан мыйзамсыз жүгүртүлгөн 297 миң сом менен 8200 долларды алышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

  • 297 тысяч сомов изъятые при проведении спецоперации по делу об отмывании преступных доходов в местах лишения свободы
    Күч органдары жаза өтөө жайларында отургандардын кылмыштуу жол менен толтурган орток казынасынан мыйзамсыз жүгүртүлгөн 297 миң сом менен 8200 долларды алышты.
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • 297 тысяч сомов изъятые при проведении спецоперации по делу об отмывании преступных доходов в местах лишения свободы
    Кылмыш жолу менен келген каражаттарды аныктоо боюнча атайын операцияга ИИМ, УКМК жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кирген.
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • 8 200 долларов США изъятые при проведении спецоперации по делу об отмывании преступных доходов в местах лишения свободы
    Абактагылардан чогулган акча мындан тышкары "общак кассасына" жөнөтүлүп турган.
    © Фото / пресс-служба МВД КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба МВД КР
Күч органдары жаза өтөө жайларында отургандардын кылмыштуу жол менен толтурган орток казынасынан мыйзамсыз жүгүртүлгөн 297 миң сом менен 8200 долларды алышты.

Кылмыш жолу менен келген каражаттарды аныктоо боюнча атайын операцияга ИИМ, УКМК жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы кирген.

"Абактардын биринде жаза өтөп жаткан 28 жаштагы К. Э. жана 33 жаштагы Т. Р. аттуу адамдар башкалардан көп убакыттан бери акча өндүрүп жүрүшкөн. Ошондой эле алар баңгизат сатуу, абак жайларынын ичинде жана сыртында кумар оюндарын уюштуруу боюнча шектелүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.
8 200 долларов США изъятые при проведении спецоперации по делу об отмывании преступных доходов в местах лишения свободы
© Фото / пресс-служба МВД КР
Иликтөөдө белгилүү болгондой, каражат электрондук капчыктарга салынып, кийин ар кандай кылмыш иштерин кылууга жумшалып турган.

Абактагылардан чогулган акча мындан тышкары "общак кассасына" жөнөтүлүп турган.

Иликтөөдө белгилүү болгондой, каражат электрондук капчыктарга салынып, кийин ар кандай кылмыш иштерин кылууга жумшалып турган.

Ошондой эле бул топко кирген дагы үч адам аныкталды, алардын арасында аял киши дагы бар.

Жыйынтыгында иштин фигуранттарынын жашаган дарегинен 8200 доллар, башкача айтканда, дээрлик 1 миллион сомго чукул акча табылды.

Тема боюнча

"Бишкек автотранспорт ишканасынын" жетекчилиги 6,5 млн. сом кымырганы аныкталды
КРден чыккан Царнаев абак шартына даттанып, АКШ бийлигинен акча талап кылды
Белгилер:
УКМК, акча, кылмыш, абак, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ