Ээси жылытам деп от алдырып койгон. Ошто унааны айдай качкан киши кармалды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүУнаа уурусу. Архив
Унаа уурусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаардык милициясы соңку айда ушундай эле эки факты катталганын айтып, айдоочуларды автокөлүгүн кароосуз калтырбоону эскертти. Бардык жагдайлар боюнча тергөө жүрүп жатат.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Ош шаарында унаасын жылытуу үчүн от алдырган боюнча таштап кеткен айдоочу машинасын уурдатып жиберген. Бул тууралуу Ош ШИИББдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя бүгүн, 14-январь күнү, эртең менен саат 08.30дар чамасында болгон. Жапалак айылынын тургуну Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаасынын кыймылдаткычын жылытыш үчүн от алдырып үйүнө кирип кеткен, кайра тез эле чыгып таппай калган.
Спецназ задержал мужчин, напавших на девушек в квартире в Бишкеке. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: кыздарды батиринен тоноп, банк картасын тартып алгандар кармалды. Видео
Милиция шектүүнү Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылынан Ош — Бишкек багыты боюнча бара жаткан учурунда кармаган. Машинаны айдай качкан 57 жаштагы киши мурда бир нече ирет соттолгону белгилүү болду.
Ал убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Ош шаардык милициясы соңку айда ушундай эле эки факты катталганын айтып, айдоочуларды автокөлүгүн кароосуз калтырбоону эскертти. Бардык жагдайлар боюнча тергөө жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0