07:40 28 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
128 0 0

УКМКдан билдиришкендей, жетекчи кылмыш ишин жаптыруу үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерине пара сунуштаган.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Социалдык фонддун Талас облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси пара берүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

  • Сотрудники ГКНБ  с поличным задержали начальника Таласского районного управления Социального фонда КР Ы. И. С.
    Социалдык фонддун Талас облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси пара берүүгө шектелип кармалды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Сотрудники ГКНБ  с поличным задержали начальника Таласского районного управления Социального фонда КР Ы. И. С.
    Маалыматка караганда, Ы. И. С. КР Жазык кодексинин 328-беренесине ("Пара берүү") ылайык ачылган кылмыш иштин алкагында пара берип жаткан жеринен кармалган
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
  • Сотрудники ГКНБ  с поличным задержали начальника Таласского районного управления Социального фонда КР Ы. И. С.
    Шектүү Талас облустук милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
    © Фото / пресс-служба ГКНБ КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Социалдык фонддун Талас облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси пара берүүгө шектелип кармалды

Маалыматка караганда, Ы. И. С. КР Жазык кодексинин 328-беренесине ("Пара берүү") ылайык ачылган кылмыш иштин алкагында пара берип жаткан жеринен кармалган.

"Ы. И. С. Социалдык фонддун Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине командировка акысы катары бюджеттен бөлүнгөн акчаны менчиктеп алуу фактысы боюнча ачылган кылмыш ишин токтотуу үчүн УКМКнын кызматкерине 70 миң сом сунуштаганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү Талас облустук милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Тема боюнча

УКМК Райым Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновду кармады
Белгилер:
Кыргызстан, Талас облусу, Социалдык фонд, коррупция

ЭҢ МААНИЛҮҮ