21:08 01 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (303)
161 0 0

Окуя болгон жерге куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Жалал-Абаддагы Чаткал суусуна автоунаасы менен түшүп кеткен киши каза тапканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя 14-декабрь күнү саат 19:54төр чамасында Чаткал районунун Чаткал айыл аймагындагы Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун 110-чакырымында болгон. Анда Чаткал суусуна "Жигули" унаасы менен 37 жаштагы эркек киши түшүп кеткен.

Кырсык болгон жерге куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (303)

Тема боюнча

Быйыл Бишкекте жол кырсыктары салыштырмалуу азайды. Статистика
Чүйдө КамАЗ менен Sprinter кагышып, айдоочу жабыркады. Видео
Белгилер:
Жалал-Абад, Чаткал, ӨКМ, суу, өлүм, куткаруучу

ЭҢ МААНИЛҮҮ