Штаб: коронавирустан көз жумган 30 медиктин жакындарына 1 млн. сом төлөндү

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүФедеральный клинический центр высоких медицинских технологий ФМБА в Химках
Федеральный клинический центр высоких медицинских технологий ФМБА в Химках - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ооруну кызматтык милдетин аткарып жүрүп кызыл зонадан жуктуруп алды деген 608 медикке 200 миң сомдон кошумча каражат берилгени айтылды.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Коронавирустан көз жумган 30 медиктин жакындарына 1 миллион сомдон компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Ага ылайык, азыркы тапта оорудан көз жумган дагы эки медиктин жакындарына миллион сом төлөп берүү каралууда.

8-декабрга карата ооруну очогунда жүрүп жуктуруп алган 608 медикке 200 миң сомдон компенсация төлөнгөн. Азыркы тапта дагы 148 ак халатчанга кошумча акча төлөө үчүн документтери каралып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0