БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Бишкектеги темир жол бекетинин жанында вагон өрттөнүп жаткандыгын ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Саат 10:26да ал жерге өрт өчүрүүчү бир бригада чыгып кеткен.
Жалын каптаган аймак Эркиндик проспекти менен Түгөлбай-Ата көчөсүнүн кесилиши экендиги айтылды.