Инфекциянын экинчи толкуну күч алгандан бери Кыргызстанда күн сайын бир нече киши өмүрү менен кош айтышууда.
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан өлкө боюнча үч адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
"Алардын экөө Бишкек шаарынын, бири Ош шаарынын тургуну болчу”, —деп айтылат маалыматта.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1 188 адам коронавирусту жеңе албай, өмүр менен кош айтышты.
Демилгеленип жаткан мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсе архивдик документтердин түп нускасын алууга тыюу салынат.
Адистин пикиринде, коронавирус башка органдар сыяктуу эле көзгө дагы терс таасирин тийгизет. Бирок ал дароо эле билине калбай, убакыт өткөндөн кийин чыгышы мүмкүн.
Туризм департаменти муз тебердин алдында шаймандарды текшерип, лыжаны жаңы үйрөнүп жаткандарга инструктор менен иштөөнү сунуштаган.
sputniknewskgz.kyrg
Sputnik маалымдамасына жазылыңыз