Бишкек — Ош жолунда оодарылып кеткен унаанын ичинде 4 бала болгон

© AFP / JOE RAEDLEЖол кыргсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кыргсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 4-ноябрда катталган. Унаанын салонунда төрт бала болгон. Алардын улуусу 10, кичүүсү 8 жашта.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кечээ, 4-ноябрда, Бишкек — Ош трассасында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа кырсыктап, оодарылып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кырсык түнкү саат 21:50дө жолдун 304-чакырымында (Жалал-Абад облусу) болгон.

"Айдоочу рулду башкара албай калып унаа оодарылып кеткен. Автокөлүктүн ичинде алты адам: 1961-жылкы киши, 1992-жылкы аял жана 2010, 2012, 2014 жана 2018-жылкы төрт бала болгон", — дешти ӨКМден.

Бишкекте жүргүнчү ташып бараткан маршрутка оодарылып кетти. Видео

Куткаруучулар келгенге чейин ошол жердеги айдоочулар жабыркагандарды Токтогул шаардык ооруканасына жеткиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0