Бүгүн таңда Жалал-Абадда 5 баллдык жер титирөө болду

© Sputnik / Игорь Носов / Медиабанкка өтүүСейсмографтын маалыматы. Архив
Сейсмографтын маалыматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөө Сузактын Көк-Жаңгак шаарында, Соку-Таш, Фрунзе, Бостон айылдарында, Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында 4,5 балл, Арстанбап айылында 4 баллга чейин сезилген.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда күчү 5 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, жер силкинүү 21-октябрь күнү болжол менен саат 5:08де катталган.

Жер титирөө Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында, Соку-Таш, Фрунзе, Бостон айылдарында, Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылында 4,5 балл, Арстанбап айылында 4 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0