Бишкекте багаждан коляска чыгарып жаткан кишини унаа коюп кетип көз жумду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүУнаанын жанында турган адам. Архив
Унаанын жанында турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
40 жаштагы жаран окуя болгон жерден жан берген. Милициянын кайгуул кызматы кырсыктын чоо-жайын аныктап жатат.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкекте унаасынын багажынан балдар коляскасын алып жаткан кишини унаа коюп кетти. Ал ошол жерден көз жумган. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Кырсык кечээ түнкү саат 02:00дө Фучик көчөсүндө болгон. KIA Spectra унаасы 40 жаштагы кишини сүзгөн.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0