17:36 20 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD81.2050
  • EUR95.6676
  • RUB1.0441
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
898 0 0

Жер көчкү катталган маалда ал жерде Кара-Кечеден көмүр тартууга барган бир нече оор жүк ташуучу автоунаанын ээлери болгон. Бактыга жараша, алар жабыркаган эмес.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Нарындагы Кара-Кече көмүр кенинде таш, топурак аралашкан жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Жер Дыйкан — Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымында көчкөн. Министрлик өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун тапшырмасы менен кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Жол чарба башкармалыгынын Нарын аймактык бөлүмүнүн башчысы Кубан Токобаевдин айтымында, кырсыктан улам Кара-Кече көмүр кенине бара турчу жол жабылган. Ошондой эле электр зымдары зыянга учураган.

"Жер көчкү катталган маалда ал жерде Кара-Кечеден көмүр тартууга барган бир нече оор жүк ташуучу автоунаанын ээлери болгон. Бактыга жараша, алар жабыркаган эмес", — деди Токобаев.

Болжол менен 900 миң куб метрди түзгөн жер көчкү Кара-Кече сайын бөгөп калганы кошумчаланды.

Тема боюнча

Нарындагы жер көчкү: электр энергиясы качан берилет? Видео
Белгилер:
видео, кырсык, Жер көчкү, Кара-Кече, Нарын

ЭҢ МААНИЛҮҮ