Бишкекте жүрүп бараткан автоунаанын дөңгөлөгү жарылып, бакты сүзгөн. Видео

© AFP / JOE RAEDLEЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя бүгүн кечке жуук Чүй проспектисинде болгон. Кырсыктын кесепетинен эки киши жабыркап, аларды Тез жардам кызматы алып кеткен.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкекте жүрүп бараткан автоунаанын дөңгөлөгү жарылып кетип, жолдун четиндеги бакты сүзүп токтогон. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат катчысы Байгазы Айтикул уулу билдирди.

Окуянын видеосу "Короче" Telegram-каналында жарыяланды.

Милициянын айтымында, окуя бүгүн, 5-августта, саат 19:20лар чамасында болгон. Анда Honda Odyssey үлгүсүндөгү автоунаа Чүй проспекти менен бара жатканда сол дөңгөлөгү жарылып, жолдун четиндеги бакты сүзүп токтогон.

Ош — Өзгөн жолундагы кырсыктан эки жигит көз жумду

Кырсыктын кесепетинен эки киши жабыркап, ооруканага жеткирилди. Автоунаа айып короого киргизилип, жол кырсыгынын себеби такталып жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0