17:30 03 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7053
  • EUR100.6553
  • RUB1.1624
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
529 0 0

Кырдаалды жөнгө салуу үчүн Балыкчыдан куткаруучу топ, бир грейдер, бир манипулятор жана жол кызматкерлери тартылды.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Боом капчыгайында жааган жамгырдан улам автоунаа жолун суу каптады.

Социалдык тармактарда окуя болгон жерден тартылган видеолор жарыяланды. Андан айдоочулар дөңгөлөктү жаап калган суудан кыйынчылык менен айдап баратканын көрүүгө болот. Айрым автокөлүктөр жолдун ортосуна токтоп калган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Авторынок (@avtorinok_kg)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы Бишкек — Нарын — Балыкчы унаа жолунун 145-чакырымында катуу жааган жамгырдан улам жолго суу топтолуп калганын билдирди. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн Балыкчыдан куткаруучу топ, 1 грейдер, 1 манипулятор жана жол кызматкерлери, ЖКККББдан 1 экипаж тартылган.

Sputnik Кыргызстан 2016-жылы ушул маалда трассадагы жаандан кийинки көйгөй тууралуу материл даярдаган. Анда сууну өткөрүүчү куурлар жок болгондуктан ушундай кырдаал жараларын айтышкан.

Тема боюнча

Алдыдагы төрт күндө да жаан токтобой, сел жүрөт. Шашылыш билдирүү
Ысык-Көлдөгү жолдун бир бөлүгүн сел алып, унаа тыгыны жаралды. Видео
Белгилер:
Боом капчыгайы, автоунаа, суу, жаан, жол

ЭҢ МААНИЛҮҮ