00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В школы - без педдиплома: кто и зачем едет преподавать в отдалённые школы Кыргызстана
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бактыңды ачып берем деп... Ошто адамдарды алдады деген шектүү аял кармалды. Сүрөт

Жазылуу
Бейшемби күнү Ноокат районунун 56 жаштагы тургуну К.Т. шектүү катары Бишкек шаарынан кармалып, Ошко алып келинген.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери алдамчылыкка шектелген аялды кармады. Бул туурасында ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / УВД города ОшОш шаардык ички иштер башкармалыгынан Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери алдамчылыкка шектелген аялды кармады
Бактыңды ачып берем деп... Ошто адамдарды алдады деген шектүү аял кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери алдамчылыкка шектелген аялды кармады

Билдирүүгө ылайык, 18-июнда Ош облусунун Ноокат районунун 56 жаштагы тургуну К.Т. Бишкек шаарынан кармалып, Ошко алып келинген. Анын үстүнөн арыздангандар көбөйө баштаганда, эки жума мурда борбор калаага – Бишкекке качып кеткени айтылат.

"Бул аялдын үстүнөн Ош шаарынын 11 тургунунан арыз түшкөн. Башка аймактарда дагы андан жабыркагандар болушу мүмкүн. Шектүү өз атын жашырып, Айчүрөк, Рахат деген ысымдарды айтып жүргөнү белгилүү болду. Жабырлануучулар "бактысын ачтыруу үчүн" эң азы 10 миң, алды 300 миң сомго чейин акча берген. Көпчүлүгү аял кишилер", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта шектүүнүн келген кардарларынын алтын буюмдарын, телефондорунан бери алып турганы айтылган.

Аял доллар купюраларды санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акча алса, чалгыла! Милиция алдамчылыкка шектелген кыздын сүрөтүн жарыялады
"Эң өкүнүчтүүсү, айрым аялдарга "күйөөсүнүн көңүлдөшү бар экенин" маалымдап, аны акчага жоготуп берүүгө убада кылган. Же бирөөлөрдүн "бактысы байланганын" айтып, "үйүнө окутулган буюм таштап кеткен" деген алдамчылык менен ири суммадагы акчаларды ала берген. Кардары канчалык акчалуу болсо ойлоп тапкан оорусу ошончолук оор болгон. Дагы бир жабырлануучу кой союп алып келип бергенин айтууда", — деп билдирет Ош милициясы.

Милиция анын кардарлардын ишеничине кирүү үчүн жасаган ыкмалары боюнча да маалыматтарды таратты.

"Ошондой эле бактысын байлоо үчүн окутулду делген буюмдар кээде жардам сурап келген кардарынын үйүнөн чыгып калган учурлары да болгон. Тергөөдө аны шектүүнүн адамдары алдын ала кардардын үйүнө таштап кеткендиги аныкталган", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда алдамчылыкка шектелген аял убактылуу кармоочу жайда отурат. Анын мурда дагы алдамчылык беренеси менен соттолгону маалым болду.

"Кимде-ким бул аялдан жабыр тарткан болсо Сулайман-Тоо милициясына 0709-09-40-00, 0559-211-222 номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат", — деп кайрылды милиция коомчулукка.

Тартип сактоочулар жарандарды мындай адамдарга ишенбөөгө чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0