БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Сокулук районунда 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
16-июнь күнү Чат-Көл айылында болгон зордуктоого көңүл бурбай жатат деген маалыматтар ЖМКларда тараган. Ал эми кылмышка шектүүнүн өткөн түнү кармалганы айтылды.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына айыл тургунунан өткөн жылдын 14-декабрында арыз түшкөн. Даттануучу анын бойго жете элек кызын Максат аттуу киши автоунаанын ичинен күч колдонуп зордуктаганын айткан.
Анда зордуктоо фактысы каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
"24 жаштагы шектүүнүн ким экени аныкталган. Бирок ал таптырбай, издөө жарыяланган. 16-июнь күнү милицияга анын кайда жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Шектүү Бишкек шаарында кармалып, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоо жайына киргизилди.