Аялынын мойнуна дөңгөлөк байлап мазактаган киши кармалды. Окуя Сузакта болгон

Жазылуу
Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 75-беренеси ("Үй-бүлөдөгү зомбулук") боюнча катталган. Кармалган киши убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Сузак райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан аялынын мойнуна дөңгөлөк илип коюп, суу чачып мазактаган киши кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жалал-Абад облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда аял кишинин мойнуна дөңгөлөк байлап алып чакалап суу чачып, мазактаган кишинин видеосу тараган.

Жээнтаевдин айтымында, окуя 8-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында Сузак районундагы айылдардын биринде болгон.

"Сузак районунун 52 жаштагы жашоочусу өз үйүндө 47 жаштагы аялынын мойнуна таш салынган дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Жабырлануучу аял 11-июнь күнү Сузак райондук милициясына арыз жазып кайрылган. Жолдошу мындай кадамга үй-бүлөдөгү чыр-чатактан улам барганын айткан", — деди Жээнтаев.

Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 75-беренеси ("Үй-бүлөдөгү зомбулук") боюнча катталган. Кармалган киши убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0