Чоң Чүй каналынан 18 жаштагы уландын сөөгү табылды

Жазылуу
Кырсык 31-майда кечке жуук болгон. Анын сөөгүн ӨКМдин куткаруучулары тапкан соң ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Бишкекте Чоң Чүй каналынан 18 жаштагы уландын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 31-майда болжол менен саат 17:18дерде Учкун кичи районунун Миң-Булак көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 18 жаштагы улан агып кеткен.

ӨКМдин куткаруучулары суудан анын сөөгүн таап чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0