Кадамжайда эки унаа кагышып, айдоочу менен жүргүнчү ооруканага түштү. Сүрөт

© Фото / Pixabay/ Pixel-mixerДорожно-транспортные происшествия в Кыргызстане
Дорожно-транспортные происшествия в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип жатат.

БАТКЕН, 1-май — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында эки унаа кагышып, айдоочу жана жүргүнчү ооруканага түштү. Бул тууралуу Баткен облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 1-май күнү, түшкү саат 13:30дар чамасында болгон.

"Үч-Коргон айыл аймагында 41 жаштагы айдоочу Daewoo Tico унаасын башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан Infiniti үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан. Ал унааны 30 жаштагы киши башкарып бараткан. Кырсыктан Daewoo Tico автоунаасынын айдоочусу менен андагы 17 жаштагы жүргүнчү жабыркаган. Алар Үч-Коргон аймактык ооруканасына жаткырылды", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда кырсыктын келип чыгуу себептери иликтенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0