Милиция: Аксы районунда бычакталган келин каза болду, ага кайниси шектелүүдө

Жазылуу
Бычак жеген келин ооруканага жетпей каза тапкан. Милиция шектелген жаранды айылдан чыгарбай кармаган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Аксы районунда бычакталып 35 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 18-апрелде, катталган.

"Кербен шаарынын 35 жаштагы тургунун өз үйүндө бир тууган кайниси ич тарапка бычак сайган деп шектелүүдө. Ал окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон. 30 жаштагы шектүү жигит окуя болгон айылдан качууга аракет кылып жаткан учурда ыкчам иш-аракеттердин негизинде колго түшүрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 138-беренесинин ("Ден соолукка оор зыян келтирүү") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Милициядан учурда тергөө иштери жүрүп жатканын, окуянын эмнеден келип чыкканын кийинчерээк маалымдай турганын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0