12:03 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
470 0 0

Ысык-Көл облусунда өзгөчө абал жарыяланган эмес. Бирок өзгөчө кырдаал киргизилип, каттамдарга чектөө коюлган.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө жүк ташуучу унаанын артына адам салып, посттон жашыруун алып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустун аймактарында санитардык-карантиндик посттор коюлуп, элге коронавирустун жайылышына бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бирок кээ бир жарандар өзүнө жана айланасындагы адамдарга кооптуулук жаратып, бийликтин талаптарын одоно бузуп жатат.

  • В Иссык-Кульской области задержаны водители, перевозившие пассажиров в грузовике и микроавтобусе
    Ысык-Көлдө жүк ташуучу унаанын артына адам салып, посттон жашыруун алып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кармалды.
    © Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
  • В Иссык-Кульской области задержаны водители, перевозившие пассажиров в грузовике и микроавтобусе
    Облустун аймактарында санитардык-карантиндик посттор коюлуп, элге коронавирустун жайылышына бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
    © Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
1 / 2
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области
Ысык-Көлдө жүк ташуучу унаанын артына адам салып, посттон жашыруун алып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кармалды.
"3-апрелде Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында милиционерлер жүк ташуучу бусту токтоткон. Айдоочу Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну болгон. Ал азык-түлүк товарын алууга баратканын айткан. Бирок текшергенде артынан 11 жүргүнчү чыккан. Аларды Балыкчыдан Ананьево айылына алып баруу максатын көздөгөн", — деп айтылат маалыматта.

Ушул эле күнү Түп районунда автоинспекторлор Ак-Суу районунун Боз-Булуң айылынын тургуну башкарып бара жаткан жүк ташуучу унааны токтотуп текшергенде артында 23 адам отурган. Айдоочу аларды Түптүн Балбай айылына картошка жүктөө үчүн алып баратканын айткан.

Эки айдоочуга тең Жоруктар кодексинин 127-беренеси ("Жол кыймылы эрежелеринин башка түрлөрүн бузуу") боюнча протокол толтурулган. Автоунаалар айып короого киргизилгени айтылат.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунда өзгөчө абал жарыяланган эмес, бирок коронавирус кооптуулугунан улам өзгөчө кырдаал киргизилип, аймактар аралык каттамга чектөө коюлган.

Тема боюнча

Карантин башталгандан бери Бишкекте уурулук кескин азайды
Жүк ташуучу унаалар эми блокпосттордон уруксат кагазын көрсөтпөй эле өтөт
Белгилер:
Эреже бузуу жөнүндөгү кодекс, инспектор, адам, жүк ташуучулар, Ысык-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ