Кыргызстанда дагы эки адамдан коронавирус аныкталды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСитуация в Москве из-за коронавируса
Ситуация в Москве из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда экөө тең аймактык ооруканага жаткырылды, абалдары канааттандырарлык. Алар Ноокаттын тургундары.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстанда дагы эки адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, алар Ноокат районунун тургундары. Учурда экөө тең аймактык ооруканага жаткырылды, абалдары канааттандырарлык. Бирөө аял, экинчиси эркек. 

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Ситуация в Японии из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Сабыр кылуу — айыгуунун башталышы. Япониядан жазылган дубай салам
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 14кө (алты эркек, сегиз аял) жетти. Анын ичинен сегизи Сузак, үчөө Ноокат, бирөө Баткен районунун, экөө Бишкек шаарынын тургундары. Эки адамдын абалы орточо деп бааланып жаткан. Алардын бири, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду

Өлкөдө 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган.

Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.

Ал эми ушу тапта өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу маалыматтардын баарын биздин тексттик трансляциядан билсеңиз болот

Жаңылыктар түрмөгү
0