Таш-талканы чыгыптыр! Бишкектин чок ортосунда унаа бакты сүзүп кетти. Видео

© AP Photo / Felix Hoerhager/dpaКарангыда турган унаага бак кулап калыптыр. Архив
Карангыда турган унаага бак кулап калыптыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыктан төрт киши жабыркап, ооруканага жаткырылганы белгилүү болду. Айдоочу рулду башкара албай бакты сүзүп кеткен.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Түндө Бишкектин чок ортосунда унаа тротуарга чыгып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Бишкек сегодня" Telegram каналына күбөлөр билдирди.

Кадрдан жол кырсыгы Байтик баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун көрүүгө болот.

Жеринде Тез жардам кызматы иштегени белгилүү болду. Кайгуул милициясынан билдиришкендей, жол кырсыгы түнкү саат 04:35тер чамасында катталган. Жеңил унаанын айдоочусу Байтик баатыр менен бара жатып рулду башкара албай калган. Натыйжада жолдон чыгып кетип бакты сүзгөн. Окуянын кесепетинен төрт киши жабыркап, ооруканага жеткирилди. Унаа айып короого токтотулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0