Таш-талканы чыгыптыр! Бишкектин четиндеги жол кырсыктын видеосу

© Фото / УПМ ГУВД БишкекаМаршрут таксилер стоянкада турган убакытта. Архив
Маршрут таксилер стоянкада турган убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык кечээ, 5-мартта, айланма жолдо болгон. ЖКККББ маалыматты тастыктап, айдоочулар жабыркаганын билдирди. Каза тапкандар жок.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкектин четиндеги айланма жолдо унаалар  кырсыктаганын "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Кабарды ЖКККББнын маалымат кызматы да тастыктады. Ага ылайык, 5-март күнү кечинде Toyota Estima үлгүсүндөгү минивэн менен жүк ташыган Mercedes Sprinter кичи автобусу кагышкан.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, айдоочулар жабыркаган, каза болгондор жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0