Чүйдө ээсине айтпай үйүнө адамдарды каттай бергендерге кылмыш иши козголду

Жазылуу
Текшерүү учурунда Чүй облусундагы тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү ээсинин уруксаты жок жана керектүү документтерсиз эле үйлөргө адамдарды каттай бергени аныкталган.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Прокуратура органдары шаардык кеңештерге шайлоо алдында каттоого тургандардын саны кескин өсүп кеткенине байланыштуу текшерүү учурунда Токмок шаарында 2020-жылдын январь-февраль айларында 6745 адам каттоого турганын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүү учурунда Чүй облусундагы тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү ээсинин уруксаты жок жана керектүү документтерсиз эле үйлөргө адамдарды каттай бергени аныкталган.

"Токмок шаарынын прокуратурасы бир нече дарекке мыйзамсыз негизде 150 адам каттоого турганын аныктады. Мындан сырткары, Кемин жана Аламүдүн райондорундагы паспорт берүү жана элди каттоо бөлүмдөрүн текшергенде 2000 адам Токмок шаарына түрдүү даректерге катталгандыгы маалым болгон. Алардын 300дөн ашыгы тийиштүү документи жок эле каттоодон өткөн", — дешти прокуратурадан.

Токмок шаардык прокуратурасы менен Кемин жана Аламүдүн райондук прокуратуралары материалдарды Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча каттоого алып, сотко чейинки териштирүү иштерин баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0