11:06 29 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0760
  • RUB1.0427
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
101 0 0

Эл өкүлү ага жарандар кайрылганын белгилеп, өлгөндүгү тууралуу маалым кат алуу үчүн 2000 сом беришкенин айтты.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Сокулук райондук соттук-медициналык экспертизада иштегендер адамдын өлгөндүгү тууралуу маалым кат берүүдөн да акча жасап жатышат. Бул туурасында депутат Марлен Маматалиев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Эл өкүлү ага жарандар кайрылганын айтып, маалым кат алуу үчүн 2000 сом беришкенин белгиледи.

"Жакында Сокулукта Рыспеков деген жергиликтүү тургун каза болуптур. Анын туугандары өлгөндүгү тууралуу маалым кат алыш үчүн 2000 сом берген экен. Эми бул уят нерсе да. Эгер акча бербесе, ары-бери чуркатып убакытты создуктурат экен. Бул бир эле факт болушу мүмкүн, балким бардык жерде ушундайдыр. Урматтуу, өкмөттүн өкүлү, ушуга көңүл буруп койсоңуз", — деди Маматалиев.

Ошондой эле депутат маалым каттын баасы 20 сом эле болушу керектигин кошумчалады.

Тема боюнча

Былтыр милиция кызматкерлерине 63 кылмыш иши козголгон
Бишкекте 10500 жасалма евро сатууга аракет кылган киши кармалды
Белгилер:
Берүү, маалымат, депутат, Марлен Маматалиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ