Бишкекте унаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, коюу түтүн каптады. Видео

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуБишкектин Күрөңкеев жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа жуучу жай өрттөнүп жатат
Бишкектин Күрөңкеев жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа жуучу жай өрттөнүп жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматы боюнча, унаа оңдоочу жайдан өрт чыгып, эки бригада тартылды.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкектин Күрөңкеев жана Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинде унаа оңдоочу жай өрттөнүп жатат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кырсык тууралуу өрт өчүрүүчүлөргө саат 14:52лер чамасында маалымат түшкөн. Аталган дарекке эки бригада чыгып кеткени белгилүү болду.

Күбө жөнөткөн видеодо коюу кара түтүн абага көтөрүлүп жатканы алыстан көрүнүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0