Ош: өз кызын бир жыл бою зордуктап келген киши өмүр бою абакка кесилди

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи насилия над детьми в КР
Случаи насилия над детьми в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздын энеси 2016-жылы каза болгон. Ал Араванда кесиптик лицейлердин биринде окуп жүрүп, өткөн жылдын декабрь айынан баштап сабакка барбай калган.

ОШ, 7-фев. – Sputnik. Ош облусунун Араван районунда 15 жаштагы кызын бир жыл бою зордуктап келген 44 жаштагы киши өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык жана облустук сотунун маалымат катчысы Бекзат Осмонкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Бул кылмыш иши Араван райондук сотунда каралган. Аталган райондун прокуратурасы соттон шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн сураган.

Райсот аны канааттандырып, 15 жаштагы кызын зордуктоого шектелген кишини өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Алтыбаева: балдар, аялдар кордоло берсе өлүм жазасын киргизүү зарыл
Ош облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиргендей, аталган факт 2019-жылдын 11-декабрь күнү Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмышка шектүү катары өспүрүм кыздын 1976-жылы туулган атасы кармалган. Тергөө иштерин Араван райондук милициясы жана райондук прокуратурасынын кызматкерлери биргеликте жүргүзүп, шектүү кызын зордуктаганын мойнуна алган.

Маалыматта кыздын апасы мындан 4 жыл мурда каза болгондугу айтылат. Кылмыш декабрь айынын башында белгилүү болгон. Араванда кесиптик лицейлердин биринде окуган жабырлануучу студент өткөн жылдын декабрь айынан баштап сабакка барбай калган. Ал апасы каза болгондуктан чоң энеси, атасынын карындашы, бир туугандары, өз атасы менен чогуу жашап келген.

Буга чейин да буга окшош окуя катталган. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасады делген шектүү райондук соттун чечими менен эки айга камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0