23:15 16 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.4459
  • EUR88.2380
  • RUB1.0872
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
217 0 0

Челябинск облусунда 22-январда кечинде КамАЗ менен жеңил унаа кагышып, анда кыргызстандыктардын каза болгону айтылган. Көп өтпөй элчилик каза болгон беш адамдын үчөө кыргызстандыктар экенин аныктады.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиянын Челябинск облусунда кыргызстандыктар каза болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, Челябинск облусунда 22-январь күнү кечинде КамАЗ менен жеңил унаа кагышып, анда кыргызстандыктардын каза болгону айтылган. Көп өтпөй элчилик каза болгон беш адамдын үчөө кыргызстандыктар экенин аныктаган.

"Honda Stream унаасын 50 жаштагы кыргызстандык айдап бара жаткан. Жанында 44 жана 27 жаштагы мекендештери болгон. Үчөө тең Ош облусунун тургундары экен. Булардан тышкары автодо Өзбекстандын бир жана Тажикстандын бир жараны болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми КамАЗдын рулунда казакстандык жаран болгон. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында анын мас эмес экени аныкталды.

Аталган факт боюнча Россия ИИМинин Челябинск облусу боюнча бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесине ("Эки жана андан көп адамдын өлүмүнө алып келген транспорттук каражатты башкаруу жана жол эрежелерин бузуу") ылайык кылмыш иши козголду.

Маркумдардын бардыгынын жакындары табылды.

Тема боюнча

Россияда жол кырсыгынан көз жумган беш киши кыргызстандыктар болушу мүмкүн
Элчилик: Россияда жол кырсыгынан көз жумган беш кишинин үчөө кыргызстандык
Белгилер:
ИИМ, өлүм, Кыргызстан, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ